Батыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жаңы тип коронавирустан жалпы дүйнөдө каза болгондор 191 000ден, вирус жугузган киши саны 2 миллион 733  600дөн ашты.

1404459
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жаңы тип коронавирустан жалпы дүйнөдө каза болгондор 191 000ден, вирус жугузган киши саны 2 миллион 733  600дөн ашты. 751 400дөн ашуун киши болсо айыкты.

Эпидемиянын борбору болгон АКШда эпидемиядан каза болгон 49 700дөн ашуун кишинин 10 217синин картаңдар экендиги ортого чыкты. Адистер мынчалык көп өлүмдүн тесттин жетишсиздигинен экендигин белгилешти. Президент Дональд Трамп Ак үйдөгү күнүмдүк пресс  - жыйынында сүйлөгөн сөзүндө федералдык изилдөөлөрдүн натыйжасында  вирустун суук жана кургак чөйрөлөрдө жакшы жашагандыгы, ысык жана нымдуу чөйрөлөрдө кармана албай тургандыгы көрүлгөндүгүн белгиледи.Трамп : «Вакцинаны табууга аз калды бирок бул вакцинанын тест кылынышына жакын эмеспиз»,- деди. Вице  - президент Майк Помпео болсо АКШдагы бир топ аймакта абалдын жакшыга карай бара жаткандыгын белгилеп : "Жай айынын башында өлкө катары абалыбыз дагы жакшы болушу мүмкүн»,- деди.

Италияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 464кө көбөйүп, 25 549га, вирус жугузган киши саны 2 646 кишиге көбөйүп 189 973кө чыкты.

Францияда Ковид  - 19дан улам акыркы бир күндө каза болгондордун саны 516га өсүп жалпы 21 856га, вирус жугузгандардын саны 1553кө өсүп 184 821ге жогорулады.

Кээ бир батыш өлкөлөрүндө вирустан каза болгондордун саны төмөнкүчө :

Испанияда 22 157, Британияда 18 738, Бельгияда 6 490, Германияда 5 404. Нидерландияда 4177, Бразилияда 3 313, Канадада 2 143, Швецияда 2 021, Швейцарияда 1549 киши каза болду.

Ковид  - 19дан каза болгондордун саны Австралияда 77ге, Жаңы Зеландияда да 17ге жогорулады.

Германияда вирустан кутулгандардын саны 106 800, Испанияда болсо 89 250, Бразилияда 26 573 жана Швейцарияда 20 600 болду. 

 



Тектеш кабарлар