Малайзияда сары безгек оорусу
Өлкөдө сары безгек бейтаптары коронавирус бейтаптарына караганда дагы көп.
Малайзияда акыркы 4 айдын ичинде 38 000 киши чиркейлердин чагуусу менен сары безген оорусун жуктурду. Өлкөдөгү сары безгек оорулары тууралуу отчет берген Малайзия саламаттык сактоо министрлигине таандык "Dengue" аттуу интернет сайттын маалыматына караганда 2019 - жылдын 29 - декабрына чейин жалпы өлкөдө 38 240 бейтап аныкталды. Селангор аймагында аталган жылы 230 22, борбор шаар Куала Лумпурда болсо 2906 бейтаптын чыккандыгы билдирилди.
Өлкөдөгү сары безгек бейтаптарынын жаңы тип коронавирус бейтаптарына караганда бир топ көп экендигин билдирген саламаттык сактоо министрлиги сары безгек коркунучуна олуттуу кароо керектигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Француз жана испан дыйкандарынын нааразылыгы
Жүздөгөн трактор менен чек арага келген дыйкандар өтмөктү тосушту.