Германияда 3 - майда мечиттердин ачылышы үчүн даярдыктар көрүлүүдө

Германия Ислам Кеңешинин төрагасы Бурхан Кесижи берген маалыматында кээ бир чараларды көрүү менен май айынын башында мечиттерди ачууну максат кылышкандарын айтты.

1402634
Германияда 3 -  майда мечиттердин ачылышы үчүн даярдыктар көрүлүүдө

Германиядагы мусулман мекемелер өлкөдө коронавирус менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралардын негизинде жабылган мечиттердин 3 -  майда ачылышы үчүн даярданууда.

Германия мусулмандар координация кеңешинин кезектешкен башкармалыгын аткарган Германия Ислам Кеңешинин төрагасы Бурхан Кесижи берген маалыматында кээ бир чараларды көрүү менен май айынын башында мечиттерди ачууну максат кылышкандарын айтты.

Кесижи : «Биздин даярдыгыбыз 3 -  май үчүн. Албетте бул эпидемиянын кандай жүрүшү жана саясатчылардын кандай кадам таштай тургандыгы сыяктуу абалдарга да караштуу болот»,- деди. Кесижи топ түрүндө ооз ачуунун болбой тургандыгын да эскертти.

Германияда кээ бир шаарларда Ковид  - 19 эпидемиясынан улам мусулмандарга жакшы маанай берүү үчүн азандын мечит тышында да угулушуна уруксат берилишинин мыкты экендигин белгилеген Кесижи мусулмандарга Ковид  - 19 мезгилинде көрүлгөн чараларга баш ийүү жана жоопкерчилик менен кыймыл кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар