Айрым өлкөлөрдө коронавирстун жайылуусу жана чара көрүүлөрү...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 161 миңден ашып, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 345 миңге жетти.

1401162
Айрым өлкөлөрдө коронавирстун жайылуусу жана чара көрүүлөрү...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 161 миңден ашып, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 345 миңге жетти. Ал эми айыгып чыккандардын саны 604 миңден ашты.

Иранда акыркы 24 саата Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 87ге көбөйүп 5 миң 118ге жогорулады.

18 киши Ковид-19дун себебинен каза болгон, 1373 киши вирусту жуктуруп алган Азербайжанда, 20-апрелге чейин болуучу өзгөчө абал режими 4-майга дейре узартылды. Өлкөдө 24-мартта карантин жарыяланып, азык-түлүк дүкөндөр жана аптекалардан тышкаркы бардык ишканалар ишин токтоткон, шаарлар аралык каттамдар токтотулган, билим берүүгө тыныгуу берилген болчу. Өлкөнүн бардык чек аралары жабылып, кинотеатрлар, музейлер, театрлар, көңүл ачуу борборлору жана спорт залдар убактылуу жабылган, тойлорго тыюу салынган. Чара көрүүлөр андан соң күчөтүлүп, тышка чыгууларга чөнтөк телефонуна келген SMS менен уруксат алуу ишке ашыруусу киргизилген.

Газадагы Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык коомчулукка жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында медициналык жардам чакырыгын салды.

Африка өлкөсү Мавританияда активдүү Ковид-19 бейтабы калбаганы, акыркы 2 бейтаптын дагы айыкканы билдирилди. Жалпы жуктуруп алган 7 киши аныкталган өлкөдө 1 киши каза болгон.

Түштүк Африка Республикасында Ковид-19дун себебинен жалпы өлкөдө 26-марттан бери ишке ашырылган өзгөчө абал менен Йоханнесбургда жашоо токтоп калгансыйт. Вирустун себебинен 52 киши каза тапкан өлкөдө, инфекцияга чалдыккан киши саны 3 миңден ашты.

Түштүк Кореяда Ковид-19дун себебинен дагы 2 киши каза болушу менен вирустун себебинен каза тапкандардын саны 234кө жогорулап, дагы 8 кишиде ковид-19 аныкталышы менен жуктуруп алгандардын саны 10 миң 661ге жетти.

Вирус алгач пайда болгон Кытайда болсо ушул убакка дейре 4 миң 632 киши Ковид-19дан каза тапты. Өлкөдө акыркы 24 саатта каза болгон учур катталган жок, ал эми жуктуруп алгандардын тогузу чет өлкөдөн, жетиси өлкө ичинен болуп жалпы 16 учур катталды.

Ковид-19дун себебинен каза тапкандар айрым өлкөлөрдө төмөнкүчө;  Индияда 521, Орусияда 361, Жапонияда 222, Украинада 141, Израилде 171, Арменияда 20, Кыргызстанда 5, Өзбекстанда 5, Грузияда 4.



Тектеш кабарлар