Орусиянын учагы АКШнын учагынын жолун чукул тороду

Бул тууралуу АКШнын флоту маалымат бөлүштү.

1399582
Орусиянын учагы АКШнын учагынын жолун чукул тороду

АКШнын учак флоту Орусиянын Су-35 согуштук учагынын Американын Р-8А чалгындоо учагына Жер Ортолук деңизде жол торогонун  жарыялады.

Флоттун жарыясына караганда, «Су-35 учагы жогорку ылдамдык менен келип кызмат өтөгөн учагыбыздын алдына карай 25 фиттен (8 метр) аралыктан терс учуу маневрын кылганынан бул жол тороону абдан коркунучтуу деп бааландырды»,делди.

Р-8А учагынын чоң аба боштугуна дуушар болгону баса белгиленген жарыяда, «Жол тороо орто эсеп менен 42 мүнөткө созулду» деген маалымат бөлүшүлдү.

Жарыяда жол тороонун эл аралык сууларда жасалганы жана орус учкучунун жоопкерчиликсиз кыймыл кылганы билдирилди.



Тектеш кабарлар