Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы

3342 киши каза болгон Кытайда Ковид  - 19 вирусун жугузган киши саны акыркы 24 саатта 46га көбөйдү. Бейтап саны 82 341ге жогорулады.

1399377
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы

Жалпы дүйнөдө коронавирустан 136  63 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 2 миллион 100 000дeн ашты. 523 873 киши айыкты.

3342 киши каза болгон Кытайда Ковид  - 19 вирусун жугузган киши саны акыркы 24 саатта 46га көбөйдү. Бейтап саны 82 341ге жогорулады.

195 киши каза болгон жана 9800 кишиде вирус аныкталган Японияда жаңы тип коронавируска каршы 6 -  майга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Иранда 4869 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 77 995. Резеви Хорасан аймагына караштуу Мешхед шаарында 100 медициналык кызматкеринин вирус жугузгандыгы билдирилди.

Кипр Рум бөлүгүндө вирустан 12 киши каза болгон болсо вирус жугузган киши саны 715ке жетти.

Россияда 198 киши вирустан каза болуп, 24 490 кишиде вирус аныкталды. Россиянын дарыгерлер биримдиги профсоюзу өлкөдө бир топ саламаттык сактоо кызматкеринен да вирустун аныкталгандыгын бирок мунун жашырылгандыгын ортого салды. Профсоюздун жетекчиси Анастасия Васильевна  : «Башкы дарыгерлер кызматкерлердин вирус жугузгандыгын жашырышууда. Ковид  - 19 тесттерин жасашпай жатышат. Ооругандарды да иштегенге мажбурлашууда»,- деди. Васильевна андан мурда да өлкөдөгү Ковид  - 19 эпидемиясынын чыныгы көлөмүнүн жашырылгандыгын жана бейтаптардын каттоого пневмония деп өткөрүлгөндүгүн айткан.

108 киши каза болгон Украинада 4161 бейтап аныкталды.

Каза болгон киши 36га жеткен Белорусияда бейтап саны 3728ге жогорулады.

Молдовада Ковид  - 19 вирусунан 44 киши каза болсо, вирус жугузган киши саны 2049 деп билдирилди.

Казакстанда 16 киши вирустан каза болуп, вирус жугузган 240 киши аныкталды.

Израилде  вирустан 140 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 12591ден ашты. Өлкө басып алган Кудста жашаган палестиналыктарга Ковид  - 19 тестинин жасалбагандыгы белгиленди.

Иракта коронавирус эпидемиясынан 79 киши каза болуп, 1415 киши вирус жугузган. Өлкөдө коменданттык саат 24 -  апрелге чейин узартылды.

Ливия ынтымактык өкмөтү Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде жума күндөн баштап 10 күндүк коменданттык саат жарыялады. Бир киши каза болгон жана 48 бейтап болгон өлкөдө жарандардын бет кап колдонуу шарты менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 08 – 14 арасында унаа колдонбостон жалгыз басууларына уруксат берилет.

Алжир саламаттык сактоо министрлиги Ковид – 19дан каза болгондордун саны 336га жогорулагандыгын, бейтап саны 2160ка жеткендигин жана 708 кишинин айыккандыгын билдирди.

Вирус жугузган киши саны Кувейтте 1524кө жеткен болсо Оманда 1019ге жогорулады. 

5 киши каза болуп, 32 киши вирус жугузган Суданда эпидемия менен  күрөшүүнүн негизинде мечиттерде жамаат менен намаз окууну токтотту.

Нигерияда 11 киши каза болуп, коопсуздук күчтөрү Ковид  - 19 эпидемиясына карата коменданттык саат эрежесине баш ийбеген 18 жаранды өлтүрдү. Адам укуктары улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган отчетто өзгөчө эрежеге баш ийбеген 33 кишинин кыйноого алынгандыгы жана окуяларда көп сандаган кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Малиде 13 киши каза болуп, 148 вирус жугузган киши аныкталды.

Жалпы Африка материгинде Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 910го жогорулап, вирус жугузган киши саны 17 000ден ашты. Эпидемиядан улам Египетте 183 киши каза болуп, 2 505 киши вирус жугузган. Мароккодо 128 киши каза болгон болсо вирус жугузган киши саны 2 251ге жетти. Тунисте 35 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 780ге чыкты.

Африканын түштүгүндөгү Лесто жана чыгышындагы Коморлор Биримдигинде азырынча вирус жугузгандар жок.

Борбордук Африка Республикасы, Чад, Экватор Гвинеясы, Сао Том, Эритрея, Мадагаскар, Руанда, Сейшел аралдары, Түштүк Судан, Уганда, Мозамбик, Намибия, Гвинея Бисау жана Сьерра-Леонеде өлүм  - житим отчету билдирилген жок.

Индияда 423 киши каза болуп, 12 456 кишиде вирус аныкталды. 124  киши каза болгон Пакистанда вирус жугузган киши саны 3506га жетти.



Тектеш кабарлар