Украинанын президенти В. Зеленский : "Чернобль атомдук станциясы үчүн коркунуч жок"

Зеленский өрткө себеп болгон кишилердин полиция тарабынан камоого алынгандыгын да билдирди.

1398610
Украинанын президенти В. Зеленский : "Чернобль атомдук станциясы үчүн коркунуч жок"

 Украинанын президенти В. Зеленский Чернобль атомдук апааты болгон аймактагы токой өрттөрүнүн атомдук станция үчүн коркунуч туудурбагандыгын белгиледи.

Зеленский жарыялаган көрүнүштө Чернобль аймагындагы 4 -  апрелде токойдо башталган өрт тууралуу маалымат берди. Өткөн күндөрдө 6 өрт чыккан пункттагы өрттүн өчүрүлгөндүгүн белгилеген Зеленский : «Чернобль атомдук станциясы радиациялык таштанды сакталган жер жана башка орчундуу обьектилер үчүн эч бир коркунуч жок»,- деди.

Зеленский элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып : «1986 -  жылы 26 -  апрелде берилген сабакты эстейбиз. Эч ким чындыкты сиздерден жашырбайт. Чындык ортодогу абал көзөмөлдө. Киев жана Киев аймагында радиация катнашы нормалдуу чектердин ичинде»,- деди.

Зеленский өрткө себеп болгон кишилердин полиция тарабынан камоого алынгандыгын да билдирди.

Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Герашченко да өрттүн өчүрүлгөндүгүн бирок кээ бир аймактардагы кургаган чөп жана бадалдардан түтүндөрдүн чыгып жаткандыгын билдирди. Герашченко өрт өчүрүү иштерине өлкөнүн 15 аймагынан өрт өчүрүү топторунун катышкандыгын маалымадады.



Тектеш кабарлар