Дүйнөдө COVID-19 илдети менен күрөшүү уланууда

Жуктуруп алгандардын саны 1199га жеткенин жарыялаган Казакстанда өзгөчө кырдаал 1-майга дейре узартылды.

1398206
Дүйнөдө COVID-19 илдети менен күрөшүү уланууда

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 125 миңге жетти, жуктуруп алгандардын саны 2 миллионго чукулдап калды . Ал эми айыгып чыккандардын саны 460 миңден ашты.

Ковид – 19 эпидемиясы ортого чыккан Кытайда акыркы 24 саатта 89 жаңы учур катталып, вируска байланыштуу өлүмдүн болбогондугу билдирилди. Өлкөдө эпидемиянын башынан бери Ковид  - 19 аныкталган киши саны 82249гке, вирус жугузган киши сан а жогорулады.

Иранда коронавирустан каза болгон киши саны 4585ке, вирус жугузган киши саны 73303кө жетти. Борбор шаар Тегеранда коронавирустун жайылышына бөгөт болуу максатында элге мажбур болгон абалдарда велосипед колдонууга  чакыруу салынды. 

Пандемиядан 118 киши каза тапкан Израилде, жуктуруп алгандардын саны 11 миң 868 болду. Булардын арасында 8 күндүк ымыркай да бар. Энесинде Ковид-19 аныкталбаган баланын абалы жакшы экендиги билдирилди.

Жуктуруп алгандардын саны 1199га жеткенин жарыялаган Казакстанда өзгөчө кырдаал 1-майга дейре узартылды.

13 киши каза тапкан Азербайжанда жуктуруп алгандардын саны 1197ге жетти.

Пандемиянын себебинен 4 киши каза тапкан Өзбекстанда да, жуктуруп алгандардын саны 1100дөн ашты.

38 киши Ковид-19дун себебинен каза болгон Молдовада 1799 кишиде вирус аныкталды.

Беларустун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун санынын 33кө, жуктуруп алгандардын санынын 3 миң 281ге жеткенин, алардын ичинен 80и баладан турганын жарыялады.

Пандемиядан 3 киши каза тапкан жуктуруп алгандардын саны 299га жеткен Грузияда борбор шаар Тбилиси менен Кутаиси, Батуми жана Рустави шаарларына бүгүндөн тарта 10 күн бою кирип-чыгуулар токтотулат.

Коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны Алжирде 326га, Сауд Арабияда 73кө жогорулады.

78 киши каза тапкан Ирактагы жуктуруп алгандардын саны болсо 1400.

Тунисте 34 киши каза таап, арасында Иттихат бин Кирдан футболдук командасынын оюнчуларынан Өмер Зекри да арасында орун алган 727 бейтап аныкталды.



Тектеш кабарлар