Дүйнө жүзү коронавирустан кутулуунун жолдорун издеп жатышат

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 125 миңге жетип, жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты.

1398916
Дүйнө жүзү коронавирустан кутулуунун жолдорун издеп жатышат

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 125 миңге жетип, жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 480 миңден ашты.

Каза болгондордун жалпы саны 3 миң 342 болгон Кытайда акыркы 24 саатта бир киши вирустун себебинен каза тапты, 46 Ковид-19ду жуктуруп алган учур катталды. Ошентип Кытайда жуктуруп алгандардын саны 82 миң 295ке жогорулады. Кытай жана АКШда потенциаль 3 Ковид-19 вакцинасынын клиникалык сыноолору уланууда.

Пандемиядан 126 киши каза тапкан Израилде, жуктуруп алгандардын саны 12 миң 200 болду. Булардын арасында 8 күндүк ымыркай да бар. Энесинде Ковид-19 аныкталбаган баланын абалы жакшы экендиги билдирилди. Израиль полициясы басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган жана палестиналыктар үчүн жаңы типтеги коронавирус тестирлөөсү жасалган клиниканы жапты.

Каза тапкандардын саны 4 миң 777 болгон Иранда, жуктуруп алгандардын саны 76 миң 389га жогорулады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Али Рыза Реиси, чектелген тест мүмкүнчүлүктөрүнүн себебинен чыныгы жуктуруп алгандардын саны белгиленбегенин белгилеп, булардын расмий жарыялоолорунан кыйла көп экенин айтты. Өлкөнүн Исфахан шаарында социалдык медиада коронавирус пандемиясы туурасында негизсиз жана провакациялык бөлүшүүнү жасагандары аныкталган 23 киши кармалды.

Орусияда каза болгондордун саны 198, жуктуруп алгандардын саны 24 миң 490га жогорулады. Борбор шаар Москвада коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында иштегендердин жумуштарына баруусу үчүн берилген уруксат берүү ишке ашыруусу күчүнө кирди. Метро жана шаардын кире бериштеринде узун кезектер пайда болду.

Түштүк Кореяда жуктуруп алгандардын саны 11 миңге жетти. 

15 көз жумган, жуктуруп алгандардын саны 1275ке жеткенин жарыялаган Казакстанда өзгөчө кырдаал 1-майга дейре узартылды.

13 киши каза тапкан Азербайжанда жуктуруп алгандардын саны 1197ге жетти. Президент Илхам Алиев,жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү үчүн ташталган чектелген кадамдардын, экономикага жаман таасир тийгизгенине карабастан адам ден-соолугу үчүн керектүү экенин айтты.

Арменияда каза болгондордун саны 17ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1111ге жетти.

Пандемиянын себебинен 4 киши каза тапкан Өзбекстанда да, жуктуруп алгандардын саны 1214кө жогорулады.

Кыргызстанда  вирустун себебинен көз жумгандардын саны 5ке, жуктуруп алгандардын саны 449га жогорулады. Жогорку Кеңеш президенттин бекитүүсүнөн өткөн өзгөчө абал процессинин 30-апрелге чейин узартылышын көздөгөн токтомду бекитти.

41 киши Ковид-19дун себебинен каза болгон Молдовада 1934 кишиде вирус аныкталды.

Каза болгондордун саны 108ге жеткен Украинада жуктуруп алгандардын саны 3 миң 764кө жогорулады.

Беларустун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун санынын 33кө, жуктуруп алгандардын санынын 3 миң 281ге жеткенин, алардын ичинен 80и баладан турганын жарыялады.

Пандемиядан 3 киши каза тапкан жуктуруп алгандардын саны 309га жеткен Грузияда борбор шаар Тбилиси менен катар бир канча шаарларына бүгүндөн тарта 10 күн бою кирип-чыгуулар токтотулат.

Коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны Алжирде 326га, Сауд Арабияда 79га жогорулады.

78 киши каза тапкан Ирактагы жуктуруп алгандардын саны болсо 1400.

Жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза болгондордун саны Мароккодо 127ге жогорулады.

Кувейтте жуктуруп алгандардын саны 1405 болду. Түркиянын Кувейттгеи элчиси Айше Хилал Саян Койтак, жаңы типтеги коронавирус менен күнөшүүнүн алкагында Кувейтте 10 миллион беткаптын камсыздалганын белгиледи.

21 киши каза болгон Ливанда жалпы жуктуруп алгандардын саны 658 кишиге жетти. Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) өлкөгө пандемия менен күрөшүүнүн алкагында медициналык жардам берди.

Тунисте 34 киши каза таап, арасында Иттихат бин Кирдан футболдук командасынын оюнчуларынан Өмер Зекри да арасында орун алган 727 бейтап аныкталды.

Индияда жуктуруп алгандардын саны 11 миң 487 болду. Премьер-министр Нарендра Модинин Ковид-19 пандемиясынын жайылуусуна бөгөт болуш үчүн жалпы өлкөдө ишке ашырылган көчөгө чыгууга тыюу салуунун узартылганын жарыялоосунан кийин Мумбайда миңдеген киши бул чечимге нааразылык билдиришти. Коменданттык сааттан улам изоляцияга алынган мигрант жумушчулардын пандемиянын себебинен курулган карантин борборлорунан качкандары маалымдалды.

Пакистанда болсо каза болгондордун саны 107ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 5 миң 988ге жогорулады.

Каза болгондордун саны 25, жуктуруп алгандардын саны 784кө жеткен Ооганстанда коменданттык саат жарыяланды.

Гвинеяда вирустан алгачкы өлүм учуру катталды. Жуктуруп алгандардын саны 363 болду.

Кенияда 9 киши каза тапса, жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Бет кап такпастан тышка чыккандарга 20 миң шилин акчалай жаза же 6 ай абак жазасы берилүүдө.

Африка материгинин жалпысында каза болгондордун саны 893, вирус жуккан киши саны 16 миң 285 болсо, Лесото жана Коморлар Биримдигинде жуктурган учур каттала элек.

 



Тектеш кабарлар