Дональд Трамп менен Еммануэль Макрон Ковид - 19 тууралуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Ковид - 19 эпидемиясы жана дүйнө экономикаларынын иш алып баруу аракеттери каралды.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Еммануэль Макрон телефон аркылуу өткөргөн сүйлөшүүсүндө Ковид - 19 эпидемиясы жана дүйнө экономикаларынын иш алып баруу аракеттерин карап чыгышты.
Ак үйдүн катчысынын орун басары Жуд Дир берген жазуу түрүндөгү маалыматында Трамп менен Макрондун бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирди. Сүйлөшүүдө Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөшүү жана дүйнө экономикаларынын кайрадан иш баруу аракеттеринин каралгандыгы белгиленип, эки лидердин бейшемби күнү телеконференция аркылуу өткөрүшү пландалган Г - 7 лидерлер жыйынын да сүйлөшкөндүгү билдирилди.
Трамп менен Макрон орчундуу аймактык жана эки тараптуу маселелерди да карап чыгышты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.