АКШ ДСУну Кытай үчүн кызмат кылганы менен күнөөлөп камсыздаган фондун токтотту...

Трамп, Ак үйдө өткөн «Коронавирус менен күрөшүү боюнча милдет күчү» аттуу маалымат жыйынында күн тартипке сереп салды.

1398709
АКШ ДСУну Кытай үчүн кызмат кылганы менен күнөөлөп камсыздаган фондун токтотту...

АКШнын президенти Дональд Трамп, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын себебинен күнөөлөгөн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмуна (ДСУ) камсыздаган фондду токтотконун жарыялады.

Трамп, Ак үйдө өткөн «Коронавирус менен күрөшүү боюнча милдет күчү» аттуу маалымат жыйынында күн тартипке сереп салды.

Трамп, ДСУнун пандемиянын дүйнөдө жайылуусунда олуттуу жоопкерчилиги болгонун жана бул темада эң оболу бул Уюмдун дүйнөнү жаңылтканын жактады.

Уюмдун кудум эде Кытай үчүн кызмат кылганын айтып чыккан Трамп: «Бүгүн башкаруучулугума, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмуна камсыздаган фондду токтотуу буйругун берүүдөмүн. Ар ким ал жерде эмнелер болуп жатканын билет»,-деп айтты.

Трамп бул чечимди чыгарып жатканда башкаруучулугунун «ДСУнун пандемия темасындагы шалаакылык жана жаап жашырууларына баа бергенин» да  кошумчалады.

АКШнын ДСУга жыл сайын 400-500 миллион доллардай фонд камсыздаганын айткан Трамп, буга карабастан Кытайдын болгону 40 миллион доллар бөлгөнүн айтты.

ДСУнун «Кытайдан жасалган саякаттардын токтотулушу» чакырыгына кулак салбаганын жана мунун чоң жаңылыштык болгонун жактаган Трамп, өзүнүн буларга карабастан Кытайдан АКШга жасалган саякаттары эң биринчи токтотконун кайталады.

Трамп айрыкча, «Кытайдын тезистерин жактоодо» жана «Уханда эпидемиянын кандай жайылганы тууралуу ишеничтүү териштирүү жасабаганы» менен күнөөлөгөн ДСУ үчүн, «Ондогон жылдан кийин эми негизги милдетин орундата албаган Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму жооп бериши керек»,-деди.

ДСУнун пандемия тууралуу кеч кадам таштоосунун бүткүл дүйнөгө абдан көп убакыт уттурганын айткан Трамп, пандемия тууралуу алгачкы эскертүүлөрдү кылган кытайлык доктурлардын жок болгондору темасында да уюмдун үн катпай калганын айтты.

Бир тараптан БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, АКШнын президенти Дональд Трамптын Ковид-19 пандемиясына каршы ийгиликсиз болгонудугу менен сындаган ДСУга камсыздаган фондду токтотуу чечимине, «Ушул убакта коронавируска каршы күрөшүүдө ДСУнун же кай бир гуманитардык жардам уюмунун булактарын азайтуунун убагы эмес, колдошуунун убагы»,деген сөздөрү менен каршылык көрсөттү.

Гутерриш, жазуу түрүндөгү жарыясында Ковид-19 пандемиясынын дүйнө туш болгон эң коркунучтуу маселелерден бири болгонун, ДСУ жана миңдеген кызматкерлеринин алдыңкы катарларда өзгөчө эң эле коргоосуз коомчулуктарды колдогондорун белгилеп, пандемияга каршы согуштун жеңишке ээ болушу үчүн ДСУнун колдоого алынышынын абдан маанилүү болгонун айтты.

Окшошу көрүнбөгөн бул вирус менен ошондой окшошу болбогон күрөшүүгө муктаждык болгонуна көңүл бурган Гутерриш: «Бул пандемия маселеси бүткөндө артка кылчайып кантип пайда болгонун, кантип бүткүл дүйнөгө жайылганын жана бул кризис менен кантип күрөш жүргүзүлгөнүн карап сабак алабыз, бирок азыр анын убагы эмес»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар