Коронавирус убайга салган батыш өлкөлөрү...

АКШда Ковид-19 пандемиясында  каза тапкандардын саны 20608ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 532 миң 879га жогорулады.

1396512
Коронавирус убайга салган батыш өлкөлөрү...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 110 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 400 миңге жетти.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 619 кишиге көбөйүп 19 миң 468ге жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 100 миң 269га жеткен өлкөдө Милан шаары жана чөйрөсүндөгү карылар үйлөрүндө Ковид-19дун себебинен каза болгондордун жакындарынан келген даттануулар боюнча пандемияга чара көрө көрбөө жана өлүмдөргө жол ачканы айтымдары менен териштирүүлөр башталууда.

Испанияда вирустун себебеинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 619га көбөйүп 16 миң 972ге жогорулады.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 643 кишиге көбөйүп 13 миң 832ге жогорулады. Вирус аныкталган киши саны болсо акыркы 24 саатта 3 миң 114 кишиге көбөйүп 93 миң 790 болду. Бир тараптан Франциянын эмгек министри Мюриэль Пенико, өлкөдө вирустун себебеинен жумушсуз калгандардын саны 8 миллионго жогорулаганын белгиледи. Жумуштан чыгарылгандар дүң эмгек акысынын 70 пайызын мамлекеттен жумушсуздук айлыгы катары алат.

Англияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 737ге өкбөйүп 10 миң 612 болду, жуктуруп алгандардын саны 5 миң 234кө көбөйүп 78 миң 991 деп жарыяланды. Өлкөдө аптанын башында мөөнөтү толо турган чектелген карантиндин узартылышы күтүлүп жатканда, элдин тышка чыкпоо боюнча эскертүүлөрдү этибарга албагандыгы көрүнүүдө.

Бельгияда 3 миң 600 киши каза болуп, акыркы 24 саатта 1629 кишиде вирус аныкталып жалпы жуктуруп алгандардын саны 29 миң 647 болду. Өлкөдө банктар Ковид-19дун себебеинен кыйынчылык тарткан фирмаларга колдоо көрсөтүүсү үчүн 50 миллиард евролук насыя кепилдиги программасыен баштады. Ковид-19дун себебинен соода фирмаларынын конфискация жана банкроттору убактылуу токтотулду.

Айрым Европа өлкөлөрүндө каза болгондор боюнча көрсөткүч мындай;

Германияда 2871, Нидерландияда 2737, Швейцарияда 1081, Швецияда 887, Португалияда 470, Австрияда 337, Данияда 260, Польшада 195, Чехияда 123.

Балкан өлкөлөрүнөн Босния-Герцеговинада каза болгондор жана жуктуруп алгандардын саны 38/986, Словенияда 53/1205, Черногорияда 3/267, Сербияда 71ге, Болгарияда 29/669, Түндүк Македонияда34/828, Румынияда 306/6300, Грецияда 93/2081.

АКШда Ковид-19 пандемиясында  каза тапкандардын саны 20608ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 532 миң 879га жогорулады. АКШнын Вайоминг штатында да апаат жарыяланды. Ушундайча Дональд Трамп, 50 штатта бир убакта апаат жарыялаган АКШнын алгачкы президенти болду.

Бразилияда каза тапкандардын саны 1141ге жетти. Австралияда дагы 3 киши Ковид-19дун себебинен каза болушу менен каза тапкандарын саны 59га жетти.

Жаңы Зеландияда бүгүн вируска чалдыкканы аныкталган 18 киши менен бирге өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 1330га жетти.

Бул учурда Европада Ковид-19 дун себебинен каза болгондордун саны 75 миңден ашты. Agence France-Presseтын(AFP) расмий булактардан алган акыркы көрсөткүчтөрүнө караганда 80 пайызы Италия, испания, Франция жана Англияда болуп,Европада коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 75 миңден ашты. Материктеги жалпы жуктуруп алгандардын саны болсо 909 миңден ашты.



Тектеш кабарлар