Батыш өлкөлөрү коронавирусту токтото албай айласы кетти

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 107 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 760 миңден ашты.

1396265
Батыш өлкөлөрү коронавирусту токтото албай айласы кетти

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 107 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 760 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 400 миңге жетти.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 619 кишиге көбөйүп 19 миң 468ге жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 100 миң 269га жеткен өлкөдө Милан шаары жана чөйрөсүндөгү карылар үйлөрүндө Ковид-19дун себебинен каза болгондордун жакындарынан келген даттануулар боюнча пандемияга чара көрө көрбөө жана өлүмдөргө жол ачканы айтымдары менен териштирүүлөр башталууда.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 643 кишиге көбөйүп 13 миң 832ге жогорулады. Вирус аныкталган киши саны болсо акыркы 24 саатта 3 миң 114 кишиге көбөйүп 93 миң 790 болду. Бир тараптан Франциянын эмгек министри Мюриэль Пенико, өлкөдө вирустун себебеинен жумушсуз калгандардын саны 8 миллионго жогорулаганын белгиледи. Жумуштан чыгарылгандар дүң эмгек акысынын 70 пайызын мамлекеттен жумушсуздук айлыгы катары алат.

Англияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 917ге өкбөйүп 9 миң 875 болду, жуктуруп алгандардын саны 5 миң 234кө көбөйүп 78 миң 991 деп жарыяланды. Өлкөдө аптанын башында мөөнөтү толо турган чектелген карантиндин узартылышы күтүлүп жатканда, элдин тышка чыкпоо боюнча эскертүүлөрдү этибарга албагандыгы көрүнүүдө.

Айрым Европа өлкөлөрүндө каза болгондор боюнча көрсөткүч мындай;

Испанияда 16353, Бельгияда 3346, Нидерландияда 2643, Швейцарияда 1003, Швецияда 887, Португалияда 470, Австрияда 337, Данияда 260, Польшада 195, Чехияда 123.

Балкан өлкөлөрүнөн Босния-Герцеговина каза болгондордун саны 37ге, Румынияда 282ге, Сербияда 71ге, Болгарияда 26га, Түндүк Македонияда34кө жетсе, Хорватияда акыркы 24 саатта өлүм учуру катталган жок.

АКШда Ковид-19 пандемиясында акыркы 24 саатта каза тапкандардын саны 2091ге артып 18 миң 777ге жетти, жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар