Мусулман Аалымдар Биримдиги саясий туткундарды абактан чыгарууну талап кылды
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин башкы катчысы Али ел - Карадаги : «Араб зулумдарынын абактардагы өзгөчө саясий туткундар менен бардык туткундарды эркин койо беришин талап кылабыз»,- деди.
1393716
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин башкы катчысы Али ел - Карадаги араб өлкөлөрүндөгү саясий туткундардын дароо койо берилишин талап кылды..
Ел Карадаги твиттерден берген маалыматында : «Араб зулумдарынын абактардагы өзгөчө саясий туткундар менен бардык туткундарды эркин койо беришин талап кылабыз»,- деди.
Туткундардын арасында ислам аалымдары менен бирге Ковид - 19 эпидемиясынан улам ооруканаларда тажрыйбасына, эмгегине муктаж болгон дарыгерлердин бар экендинин айткан Карадаги : «Аллахым зулумдардын жана кылмышкерлердин кылгандарынан улам бизди жок кылба»,- деп дуа кылды.