Индонезияда сары безгектен 254 киши көз жумду

Өлкөдө чиркейлер көп ортого чыккан октябрь  -  апрель айларынын арасындагы жамгырлуу  мезгилде бат  - бат ысытма жана сары безгек ооруларына кездешүүгө болот.

1393829
Индонезияда сары безгектен 254 киши көз жумду

Индонезияда сары безгек оорусунан жылдын башынан бери 254 киши каза болду.

«Темпо» гезитинин билдиргенине караганда саламаттык сактоо министрлиги Вектордук жана зооноздук оорулар департаментинин директору Сити-Надия Тармизи  өлкөдө жылдын башынан бери 4 -  апрелге чейинки мезгилде сары безгектен 254 кишинин каза болгондугун билдирген.

Жалпы өлкөдөгү сары безгек менен ооруган киши саны 39876га жеткендигин билдирген Тармизи бейтаптар эң көп болгон Батыш Жава жана Чыгыш Нуса Тенггара аймактарынын сары безгек боюнча «кызыл аймак» экендиги тууралуу маалыматты бөлүштү.

Тармизи Чыгыш Нуса Тенггара аймагында 48 киши каза болуп, эң көп киши каза болгон аймак болгондугун билдирди.

Өлкөдө чиркейлер көп ортого чыккан октябрь  -  апрель айларынын арасындагы жамгырлуу  мезгилде бат  - бат ысытма жана сары безгек ооруларына кездешүүгө болот.

Индонезияда сары безгектен 2016 -  жылы 1598, 2017 -  жылы 493, 2018 -  жылы да 344 киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар