БАЭден учак менен Хафтерге аскердик шаймандар жөнөтүлдү

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу Ыза вулканы операциясынын басма сөз борборунан жазуу түрүндө маалымат берилди.

1386852
БАЭден учак менен Хафтерге аскердик шаймандар жөнөтүлдү

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) Ливиянын чыгыш жагындагы расмий эмес күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге аскердик материал ташыган 3 жүк учагын жөнөттү.

БУУ тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу Ыза вулканы операциясынын басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда БАЭден учкан аскердик шайман жана ок-дары ташыган Ил-76 үлгүсүндөгү Орусиянын чыгарылышы болгон жүк ташуучу учактары Ливиянын чыгыш жагына 3 жолу каттады.

Учактардын БАЭнин борбор шаары Абу-Дабидеги Сувейхан аэропортунан учкандары жана Ливиянын чыгыш жагындагы Мерж шаарында орун алган Хадим аба базасына конгондору белгиленди.

12-январь-25-февраль күндөрүнүн аралыгында БАЭден аймакка 6 миң тоннадан ашык жүк ташый ала турган 100 каттамды уюштурганы белгиленген.



Тектеш кабарлар