Айрым өлкөлөрдөгү абалдар...

Орусияда жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынан каза тапкандардын саны 7ге жетти.

1386858
Айрым өлкөлөрдөгү абалдар...

Жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) каза тапкандар жана жуктуруп алгандардын саны дүйнөдө улам көбөйүүдө.

Катарда жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) алгачкы өлүм катталып, жуктуруп алгандардын саны 590го жектени, 45 кишинин болсо айыгып чыкканы жарыяланды.

Орусияда жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынан каза тапкандардын саны 7ге, жуктуруп алгандардын саны 264кө жогорулады. Орус өкмөтү авто жана темир жолу чек ара капкаларын 30-марттан тарта убактылуу жабуу чечимин чыгарды.

Израилде 12 адам каза болгону, жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) аныкталган киши саны 3 миң 619га жогорулады. Буга кошумча премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынын себебинен Германиядан  дем алдыргыч аппарат талап кылганын, бирок немис кесиптеши Ангела Меркелдин бул талапты четке какканы айтылды.

Вирустун себебеинен 2 киши көз жумган Молдовияда жуктуруп алгандардын саны 231ге жогорулады.

43 киши вирустан каза тапкан Иракта, Ковид-19га чалдыккан 506 кишиден биринин соода министри Мухаммед Хашим эл-Анинин башкы кеңешчиси Велид эл-Халу болгону жарыяланды.

Тунисте Ковид-19дан каза тапкандардынс аны 8ге, жуктуруп алгандардын саны 227ге жетти.

Алжирде Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 29га жогорулап, жуктуруп алгандарлын саны 454 болду.

Лвиянын Улуттук ынтымак өкмөтү COVID-19га чалдыккандардын санынын 3кө жогорулаганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар