Шенген Келишими 25 - жылына коронавирус менен кирди

Шенген Келишими Люксембургдун Шенген шаарында 1985 -  жылы 14 -  июнда кол коюлган жана 1995 -  жылы 26 -  мартта ишке кирген.

1385833
Шенген Келишими 25 - жылына коронавирус менен кирди

Европа өлкөлөрүнүн арасында эркин саякаттоого мүмкүнчүлүк түзгөн  Шенген Келишими 25 – жылына жаңы тип коронавиурс эпидемиясынан улам чек араларды көзөмөлдөө менен кирди.

Люксембургдун Шенген шаарында 1985 -  жылы 14 -  июнда кол коюлган жана 1995 -  жылы 26 -  мартта ишке кирген Шенген Келишими менен көптөгөн Европа өлкөсүнүн арасында чек ара текшерүүлөрү болбостон саякаттоо башталган.

Эң башта Бельгия, Франция, Германия, Нидерландия жана Люксембургдун арасында кол коюлган келишимге жылдардын ичинде көп сандаган Европа өлкөсү кошулду.

Шенген аймагы азыркы учурда Германия, Австрия, Бельгия, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Греция, Венгрия, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерландия, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Испания, Швеция, Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцариядан турат.

Бирок эпидемиянын жайылышын алдына алуу үчүн көптөгөн Европа  өлкөсү чек араларын жабуу чечимин чыгарды. Эркин саякаттоонун токтошу өзгөчө Европанын интегралдык чынжырында кемчиликтердин болушуна, камылга жана кызмат агымынын үзгүлтүккө учурашына себеп болууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар