Коронавирус дүйнө жүзүнө коркунуч жаратууда

Коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 22 миңден ашты.

1385907
Коронавирус дүйнө жүзүнө коркунуч жаратууда

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 22 миңге, вирусту жуктургандардын саны болсо 533 миңден ашты.

Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 712 киши көбөйүп жалпы 8 миң 215ке жетти. Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 62 миңден ашты.

Испанияда коронавирустан каза тапкандардын саны 4 миң 858ге, ооруга чалдыккандардын саны 56 миң 188ге жетти. Өлкөдө 29-мартта аяктай турган Өзгөчө кырдаал 11-апрелге чейин узартылды.

Францияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 365 киши көбөйүп 1 миң 696га жетти.

Нидерландияда болсо жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 546га, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миң 603кө жетти.

Англияда коронавирустун айынан көз жумгандардын саны 759га жетти. Вируска чалдыккандардын саны 2 миң 749 киши көбөйүп 14 миң 579га жогорулады.

13 киши каза таап, Ковид-19ду жуктурган  3 миң 121 киши катталган Австралияга баргандар 14 күн карантинге алынат.

Жаңы типтеги коронавирустун себебинен АКШда болсо 1 миң 301 адам каза тапты. Ооруга чалдыккандардын саны 86 миң 12 деп катталды. Ушундайча АКШ вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытай менен Италияны ашып өттү.

8 адам көз жумган Мексикада вирус аныкталгандардын саны 585ке жетти.

Венесуэлада коронавирустан каза тапкан биринчи адам катталып, ооруга чалдыккандардын саны 107ге жетти.



Тектеш кабарлар