Кытай менен АКШнын коронавирус боюнча кайым айтышуусу

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гин Шуан, басма сөзгө берген маалыматында Помпеону сынга алды.

1385791
Кытай менен АКШнын коронавирус боюнча кайым айтышуусу

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гин Шуан, басма сөзгө берген маалыматында бул абалдын «бурмалоо жана жоопкерчиликтен качыш үчүн Кытайга илүү жана Пекин бийлигинин вирус менен күрөшүү аракеттеринин аброюн түшүрүү» киришүүсү болгонун айтты.

Бул айтымдын «абдан жаман ниеттүү ыкма» менен сөз кылынганына сереп салган Гин, Кытайдын вирус менен күрөшүү аракетин жактады жана «жоопкерчиликтен кутулууну каалагандары» жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Кытайга Ухань шаарында пайда болгондон кийин алгачкы этапта пандемия тууралуу маалымат бөлүшүүнү каалагандардын оозун басканы боюнча күнөө коюлуп жатканда, айрым кытайлык дипломаттар «вирустун Кытайга АКШдан алып келинген болушу мүмкүн экенин» айтып чыкты.

АКШнын мамлекеттик катчысы майк Помпео, вирустун Кытайдын Ухань шаарынан келгенин жана Кытай өкмөтүнүн дүйнө жүзүн вирустун коркунучтарына карата эскертүү темасында атайын жоопкерчиликке ээ болгонун айтып, ага «Ухань вирусу» терминин колдонуусунан улам багытталган сындоолорду четке каккан.



Тектеш кабарлар