Коронавирустан каза тапкандардын саны 13 миңден ашты

Пандемиядан Иранда 1556 киши көз жумду.

1382708
Коронавирустан каза тапкандардын саны 13 миңден ашты

Декабрь айында пайда болгондон бери дүйнөдө жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) аныкталган киши саны 280 миңге чукулдады, каза болгондордун саны 13 миңден ашты.

Кытайда Ковид-19 пандемиясы пайда болгондон бери 3261 киши каза тапты.

Пандемиядан Иранда 1556 киши көз жумду.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху,өлкөдө жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын санынын он миңдерге жете турганын айтты.

Өлкөдө Ковид-19 диагнозу коюлган киши саны 883кө жетип, Батыш Кудста кечээ алгачкы өлүм катталды.

Курчоо астындагы Газа тилкесинде алгач ирет жаңы типтеги коронавирусту жуктуруп алган киши аныкталды.

Сауд Арабияда вирус 48 кишиде аныкталышы менен жалпы жуктуруп алгандардын саны 392ге жогорулады.

Бириккен Араб Эмирликтеринде жуктуруп алгандардын саны 153кө, Ливанда 206га, Кувейтте 176га жетти.

Египетте Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 10го жогорулады.

Батыш Африка өлкөсү Ганада жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен алгачкы өлүм болду.

БУУ тарабынан таанылган Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сарраж, жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) каза болуулардын себебинен саат 18:00ден таңкы 06:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салу жарыялады.

Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында жоюлган Нооруз майрамын майрамдоолор  көз карандысыздыкка ээ болгон 1991-жылдан бери алгач ирет расмий азем менен эмес, үйлөрдө майрамдалды.



Тектеш кабарлар