Дональд Трамп корона үчүн Кытайды күнөөлөдү

Трамп Ак үйдө өткөрүлгөн Коронавирус менен күрөш күчүнүн пресс  - жыйынында башкаруунун эпидемияга карата көргөн жаңы чараларынан сөз клыды.

1381809
Дональд Трамп корона үчүн Кытайды күнөөлөдү

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустан улам Кытайды күнөөлөдү. Трамп Ак үйдө өткөрүлгөн Коронавирус менен күрөш күчүнүн пресс  - жыйынында башкаруунун эпидемияга карата көргөн жаңы чараларынан сөз клыды.

Өз башкаруусунун күнү  - түнү дебестен эпидемияны алдына алуу үчүн аракет кылгандыгын айткан Трамп, экономикалык колдоо пакеттеринен вакцина чыгаруу иштерине чейин бардык тармакта чоң аракет кылгандарын баса белгиледи.

Коронавирустун эми бүткүл дүйнөгө жайылгандыгын белгилеген Трамп айлар мурда биринчи жолу Кытайда чыкканда Кытай башкаруусунун керектүү чараларды көрбөгөндүгүн жактады. Трамп : «Кытай вирусту чыккан жеринде токтото алмак. Кытай эң башта дүйнөгө маалымат бергенде бул эпидемия эртерээк токтотулмак»,-деди.

Трамп өзгөчө : «Баарыдан мурда Кытайдан келген кишилерге тыюу салуу үчүн чакыруу салдым бирок медиа мени дароо расист деп жарыялады. Ошол учурда алдына аламакпыз»,- деди.



Тектеш кабарлар