Коронавирус Батышта жан алууда

Кытайдын Ухань шаарында декбарь айында пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) Европада жайылуусу уланууда.

1378532
Коронавирус Батышта жан алууда

Кытайдын Ухань шаарында декбарь айында пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) Европада жайылуусу уланууда.

Италияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 175 кишиге көбөйүп 1441ге, вирус жуктурган киши саны 21157ге жетти. Айыгып чыккандардын саны 527 кишиге көбөйүп 1966га жетти.

Францияда болсо жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны 91ге, жуктуруп алгандардын саны 4500гө жетти.

Жан-Мишель Бланкер, коронасирустун элдин жарымынан көбүнө жугушу мүмкүн экенин белгидеп өттү.

Кафе, ресторан, бар, кинотеатр жана түнкү клубдар менен азык-түлүк дүкөнү, банк жана дарыканалардан тышкаркы бардык соода дүкөндөрүнүн кечээ түндөн тарта жабылуусуна чечим чыгарылды.

Коронавирустун себебинен өзгөчө кырдаал жарыяланган Испанияда, акыркы сандарга караганда каза болгондордун саны 288ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 7753 болду.

Өлкөдө Ковид-19 тууралуу жарыяланган бир күндүк көрсөткүчтөрдө ушул убакка чейин болгон эң жогорку өсүү катталды.

Испаниянын борбор шаары Мадридде да дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкаркы бардык дүкөндөр жабылып, элге көчөгө чыкпоо чакырыгы салынды. Пасха майрамы убагындагы диний жүрүш аземдери жоюлду.

Англияда Ковид-19дун себебинен бир күндө 10 киши каза табышы менен бирге көз жумгандардын саны 21ге жетти. Өлкөдө Ковид-19 анализи коюлган бейтап саны 798 деп жарыяланса, адистер вирустун учурда 5-10 миң кишиге жукканын божомолдоп жатышат.

Бельгияда жуктургандардын саны 886га, каза тапкандардын саны 4кө жетсе, Нидерландияда каза тапкандардын саны 12ге, вирус аныкталгандардын саны 959га жеткени белгиленди.

Вирустун себебинен экинчи өлүм болгон Австрияда орто эсеп менен 200 жаңы жуктургандар катталып, вирус жуккандардын саны 111ге жетти.

Алгачкы өлүм катталган жана жуктаргандардын саны 181 болгон Словенияда коомдук транспорттор токтотулду.

 Чехияда жуктуруп алгандардын саны 214, Польшада 93 болду. Польшада коронавирустан каза тапкандардын саны 2ге жетти. Даниядан алгачкы өлүм кабары келди жана бейтаптардын саны 827ге жетти.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 950гө жеткен Норвегияда 16-марттан тарта өлкөнүн абадан жана кургактыктан чек аралары жабылат.

Сербиядагы жуктуруп алгандардын саны 46га жетип өкмөт Франция, Германия, Словения, Австрия, Испания, Греция жана Швейцариядан чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 4кө жеткен Грецияда, коңшу өлкөлөр Албания жана Түндүк Македония менен болгон бардык деңиз жана автожолдор жабылды, Италия жана Испания менен жүк учактарынан тышкаркы бардык каттамдар токтотулду, чет элдик жүрүнчү кемелеринин Грек портторуна келүүсүнө тыюу салынды. Коронавирус жуккандардын саны Грецияда 228ге,Хорватияда 46га, Словакияда 54кө,  Албанияда 42ге, Венгрияда 32ге, Босния-Герцеговинада 21ге, Мальтада 21ге, Түндүк Македонияда 19га, Косовада 3кө жетти.

АКШда болсо коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 58ге жетти, жуктургандардын саны 2700дөн ашты.

АКШнын президенти Дональд Трампка жасалган коронавирус анализи негатив болуп чыкты.

Европадан АКШга барган бардык саякаттар токтотулган тыюу салынгандардын тизмесине Англия жана Ирландия дагы кошулду.

Ковид-19дан 3 киши каза таап, вирус жуккан киши саны 250дөн ашкан Австралияда болсо премьер-министр Скотт Моррисон, жугуштуу оорунун жайылуусуна бөгөт болуу максаты менен өлкөгө кире турган ар кимдин өзүн 14 күн карантинге алуусу шартын койгондорун жарыялады.



Тектеш кабарлар