Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...

Өзбекстанда алгачкы коронавирус жуктурган киши аныкталып өлкөнүн чек аралары эртеңден баштап жабылат, бардык учак каттамдары токтотулат. Казакстанда жуктуруп алган киши саны 8ге жетти.

1378535
Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жугузганы аныкталган кишилердин саны 150 миңден ашса, Кытайда эпидемиянын себебинен каза болгондор 3199га жетти.

Аныкталган бейтаптардын саны 80778, анын ичинен 3610 кишинин абалы оор. Булардан 10734ү дарыланып жатышат.

Кытайдан тышкары Гонгонг атайын башкаруу аймагында да вирус жуккандардын саны 141ге жетти.

Иранда болсо коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 113 кишиге көбөйүп 724кө жетти, жуктуруп алгандары аныкталгандардын саны 12 миңден ашты.

Адистер парламент мүчөсү Айетуллах Хашим Батхаи Гулпейаганинин да Ковид-19га кабылганын жарыялады. Ковид-19 жукканы аныкталгандардан 4339 киши болсо айыгып чыкты. Коронавируска кабылган аял жана үй-бүлө иштери боюнча жооптуу вице-президент Масуме Ибтикар дагы айыгып чыгып кызматын баштады.

17-апрелде өтүшү күтүлгөн 11-чакырылыш 2-тур эл өкүлдөрүн шайлоолор болсо коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында 11-сентябрга жылдырылды.

Марокконун шайман, транспорт, логистика жана суу министри Абдүлкадир Амаранын да илдетти жуктуруп алышы менен бирге өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 18 болду.

Ушул убакка дейре коронавирус кездешилбеген Газада Хамаска караштуу өкмөт алдын алуулардын алкагында Израиль жана Египет менен чек ара капкаларын эки тараптуу жабуу чечимин чыгарды.

Хареми Шерифтин ичиндеги мечиттердин жабылуусуна жана намаздардын Аксанын короосунда окулушуна чечим чыгарылды.

Палестинанын премьер-министри Мухеммед Иштиййе, Израилден  коронавирустун жайылуусуна бөгөт болуу максатында палетиналык абактагылардын толугун эркин кое беришин талап кылды.

Бейтап саны 193кө жеткен Израилде, дүкөндөр, дарыканалар жана банктардан тышкаркы бардык соода борборлорунун жабылуусуна чечим чыгарылды.

Жаңы типтеги коронавирусту жуктуруп алгандардын саны Египетте 109, Кувейтте 104, Сауд Арабияда 103, Тунисте 18 деп белгиленди.

10 киши каза тапкан 110 киши вируска кабылган Ирактагы Мосул шаарында 2 күн көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Зикар, Бабил, Мейсан, Нежеф, Басра, Дивайне, Васит жана Керкүк провинцялары болсо чек араларын кирип чыгууларга жабуу чечимин чыгарса, өлкөдө чек аралары жабылган провинция саны 11ге жогорулады. Нинова провинциясында болсо көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Иорданияда бардык билим берүү мекемелери 2 аптага тыныгууга чыгарылды.

Ливияда эл аралык таанылган мыйзамдуу башкаруу Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сарраж, Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.

Сарраж, 3 апта бою өлкөнүн кургактык жана деңиз чек араларынын жабыла турганын белгилеп өттү.

Йеменде хусилер, эл аралык Сана аэропортуна боло турган БУУ тектүү каттамдардын кечээтен баштап 2 апта бою токтотулганын жарыялады.

3 киши каза болгон, вирус жуккан киши саны 93кө жеткен Ливанда мечиттерде намаз окууга тыюу салынды.

Коронавирус аныкталган киши саны Орусияда 63кө, Азербайжанда 16га, Молдовада 12ге жетти.

Алгачкы өлүм кабары келген жана 3 киши эпидемияны жугузган Украинада Польша менен поезд каттамдары токтотулду.

Өзбекстанда алгачкы коронавирус жуктурган киши аныкталып өлкөнүн чек аралары эртеңден баштап жабылат, бардык учак каттамдары токтотулат. Нооруз майрамын белгилөөлөр менен кошо бардык иш-чараларга тыюу салынды, 16-марттан тарта бардык мектептер эрте эс алууга чыгышат.

Казакстанда жуктуруп алган киши саны 8ге жетти. 1400дөн ашуун киши ооруканаларда, 545 киши үй карантининде турган Казакстанда 16-марттан-15-апрелге дейре өзгөчө кырдаал жарыяланды. Дипломаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкаркы бардык чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө эртеңден баштап туюу салынат.

Грузияда Ковид-19 анализи менен дарыланып жаткан 30 кишиден бирөө айыкты.Орусия менен кирип-чыгууларга чектөө киргизилди.

Филиппиндин борбор калаасы Манилада болсо «түнкүсүн көчөгө чыгууга» тыюу салуу ишке ашууда.

Индонезиянын борбор калаасы Жакартада билим берүүгө 2 апта тыныгуу берилди. Шаардагы туристтик жерлер жана көңүл ачуу борборлору дагы 2 аптага жабылды. Өлкөдөгү бейтап саны 96га, вирустан каза тапкандардын саны 5ке жетти.

Африка өлкөлөрүнөн Руанда жана Эсватинде алгачкы коронавирус аныкталды.



Тектеш кабарлар