Россиянын энергетика министри Новак OPEC тууралуу маалымат берди

Россиянын энергетика министри Александр Новак мунай өндүрүүнү апрель айында күнүмдүк 200 миң баррелге чыгарышарын белгиледи.

1378045
Россиянын энергетика министри Новак  OPEC тууралуу маалымат берди

Россиянын энергетика министри Александр Новак мунай өндүрүүнү апрель айында күнүмдүк 200 миң баррелге чыгарышарын белгиледи.

Новак Россиянын эң чоң мунай өндүрүүчүсү фирмалардын башкаруучулары менен өткөргөн жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Россиянын мунай фирмаларынын апрель айында мунай өндүрүшүн арттыра алышарын белгилеген Новак : «Мунай өндүрүшүн апрель айында күнүмдүк 200 миң баррелге арттыра алабыз. Андан ашыкча өндүрүш көлөмү үчүн бир аз убакыт керек»,- деди.

Россиянын Мунай экспорттогон өлкөлөр уюму OPEC менен жаңы бир келишим түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзбөгөндүгүн билдирген Новак : «OPEC менен кайрадан бир өндүрүштү чектөө келишими үчүн керектүү шарттар бар деп ойлобойбуз. OPEC мүчөлөрүнүн кандай мамиле кылгандыгын көрүп турасыңар, ошондуктан жаңы бир келишимге карай кадам таштоо бул шарттарда абдан кыйын».

OPEC жана Россия да болгон OPEC тышы кээ бир чийки мунай өндүрүүчүсү өлкөлөрдүн Венадагы жыйынында өндүрүш үзгүлтүгү тууралуу чечимдин чыкпашы менен нефть бааларында төмөндөө болгон.



Тектеш кабарлар