Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 3193кө жетти.

1378048
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 3193кө жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматта Ковид- 19 вирусунан өлкөдө акыркы 24 саатта 13 киши каза болуп, жаңы 11 бейтаптын аныкталгандыгы билдирилди.

Өлкөдө вирустан каза болгон жалпы киши саны 3193кө жогорулап, аныкталган бейтап саны 80 миң 824кө жетти. Аларын ичинен 3610 кишинин абалы олуттуу.

Вирустун бар экендигинен шектенилген киши саны 115, текшерүү астындагы киши саны 10 миң 879гажеткен болсо ушул күнгө чейин айыгып ооруканадан чыккан киши саны да 65 миң 541 болду.

Гонконгдо болсо бейтап саны 137ге жетти.

Кытай менен Италиядан кийин эң көпкиши каза болгон өлкө Иранда коронавирус жугузган киши саны 11 000ден ашып, каза болгондордун саны 514 болду. Ковид- 19 диагнозу коюлгандардан 3529 киши айыгып ооруканадан чыкты.

Тегеранда Төңкөрүш Гвардиясы армиясына караштуу Сараллах штабынын мурунку командири, генерал Насыр Шабани болсо Ковид  - 19  вирусунан каза тапты.

Японияда да вирустан каза болгондордун саны 28ге, вирус аныкталган бейтап саны 712ге жеткендиги билдирилди. 

Катарда болсо 58 кишиде вирус аныкталып бейтап саны 320га жогорулады.

Кувейтте 80 кишиде вирус аныкталып, эл мажбур болмоюнча тышка чыкпоо жана үйлөрүндө болуулары керектиги эскертилди.

Газада болсо бейтап саны 35ке жетип, вируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде 2667 киши карантинге алынды.

Ирак күрт аймактык башкаруусу Иракта Ковид  - 19 вирусунан 8 кишинин каза болгондугу жана эпидемиянын жайылуусу менен аймакта 2 күнгө көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Сауд Арабия коронавирустан 15  - март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дөн баштап өзгөчө абалдагы каттамдардын тышында жүргүнчү каттамдарынын эки жумага токтотулгандыгын билдирди.

Украинада болсо Ковид  - 19 вирусунан бир киши  каза болуп, эки  жумалык мөөнөт менен чет өлкөлүктөргө чек аралар жабылды.

Суданда да Бириккен Араб Эмирликтеринен барган бир жарандан вирус чыгып каза болгондугу белгиленди.

Батыш Африка өлкөсү  Мовританияда биринчи вирус жуккан киши аныкталды. Бейтаптын  Европа өлкөсү жараны экендиги билдирилди.

Судан менен Гамбияда да вирус таасирдүү болгон өлкөлөргө карата сапарларга тыюу салынып, Сенегалда болсо  коронавирус жугузган бейтап саны бир күндө эки эсеге чыгып 21ге жогорулады.

Европа Биримдигинин Гине делегациясында иштеген Бельгия тектүү бир кишиге жасалган тест позитив чыкты. Ушундайча Гинеде да вирус жугузган биринчи бейтап аныкталган болду.

Алжирде бейтап саны 27ге, Мароккодо 8ге жогорулады.



Тектеш кабарлар