Коронавирус Еврпада кенен жайылып баратат

Италияда коронавирустан каза болгондор 250 кишиге артып 1266 кишиге жетти, жалпы бейтап саны 17662 болду.

1378214
Коронавирус Еврпада кенен жайылып баратат

Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында ортого чыккан коронавирус Европада жайылууну улантууда.

Италияда коронавирустан каза болгондор 250 кишиге артып 1266 кишиге жетти, жалпы бейтап саны 17662 болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Пиерраоло Силери менен билим берүү министринин орун басары да вирус жугузгандыгын жарыялады.

Өлкөдө 3 жума мурда чыккан Ковид  - 19  вирусунан каза болгондордун саны кечээ эң жогорку санга жетти.

Италиянын коңшусу Мальтада да бейтап саны 18ге жогорулагандыгы билдирилди.

Испанияда болсо каза болгон киши саны 133кө, вирус жугузган киши саны да 5200гө жетип, жалпы өлкөдө 15 күн «өзгөчө кырдаал» жарыяланды.

Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез  : «Испанияда коронавирус жугузган бейтаптардын келерки жумада 10 000 чыгуу ыктымалын көрбөстүккө сала албайбыз»,- деди.

376 миң киши жашаган Мурсия автономдуу аймак карантинге алынды.

Францияда вирустан каза болгон киши саны 79га, жугузган киши саны 3661ге жогорулады. Борбор шаар Париждин негизги символдорунан Ейфел мунарасы вирустун айынан жабылды.

Франция экинчи футбол лигасынын командаларынан Труанын бир оюнчусу менен бир кызматкеринен Ковид  - 19 вирусу аныкталды.

Швейцариянын Женева шаарында болсо 32 жаштагы бир аялдын вирустан каза болгондугу билдирилди. Өлкөдө Ковид  - 19 вирусун жугузган киши саны 1359га жетип, каза болгон киши саны 11ге жогорулады.

Грецияда вирустан каза болгон киши саны 3кө, жугузган киши саны 192ге жетти. Өкмөттүн катчысы Стелиос Печастын жубайында да вирустун бар экендиги аныкталды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы вирустун айынан кургактык жана деңиз, аба чек ара капкаларын 1 -  апрелге чейин жапты.

Британияда Ковид  - 19 вирусун жуктурган киши саны 798ге жогорулап, 2 киши каза болгон Швецияда вирус жуктурган киши саны 820га жетти.  

Норвегия менен Данияда да вирустан каза болгондордун бар экендиги билдирилди. Дания чек араларын жапты.

Нидерландияда вирустан каза болгондордун саны 10го, бейтап саны 804кө жетти. Бул сан Австрияда 602ге, Чехияда 150гө, Польшада 84кө, Словакияда 32ге жана Венгрияда болсо 25ке жетти.

Польша 10 күн чет элдиктердин өлкөгө киришине уруксат бербей тургандыгын жана бул мөөнөттүн  узартылышы мүмкүн экендигин билдирди. Эртеңден баштап эл аралык учак жана поезд каттамдары да токтотулат.

Балкан өлкөлөрүнөн Сербияда 41, Хорватияда 37, Босния Герцеговинада 18 кишиде вирус чыкты.

Косовада биринчи жолу 3 кишиде вирус аныкталды.

Канаданын премьер  - министри Жастин Трюдо жана жубайы София Трюдонун Ковид  - 19 тестинин позитив чыгышы менен карантинге алынды. Өлкөдө вирустан таасирленген киши саны да 152ге жогорулады.

БУУнун башкы штабы да кызматкерлерин вирустан улам 16 -  марттан 12 -  апрелге чейин үйлөрүндө иштешин сунуш кылды.

Борбору Нью – Йоркто болгон БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ да кызматкерлеринин үйүндө иштеши тууралуу жолдомо берди.  

АКШда вирус жуктурганы аныкталган киши саны 1700гө жакындап, каза болгон киши саны 41ге жетти.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустан улам жалпы өлкөдө «улуттук өзгөчө кырдаал» жарыялагандыгын билдирди.

Трамп ишемби күнү түн жарымынан баштап жүргүнчү кемелеринин өлкөдөгү порттордон 30 күн чыкпай тургандыгын айтты.

Луизиана аймагында 4 -  апрелде өткөрүлүшү пландалган алдыңкы шайлоо 2 айга кечеңдетилди.

Виржиния жана Вашингтон DCде мектептер эки жума каникулга таркатылды.

Борбордук Америка өлкөлөрүнөн Сальвадордо да вирустун жайылбашы үчүн өзгөчө абал жарыяланды.

Түштүк Америка өлкөсү Уругвайда болсо Италиянын Милан шаарынан барган 4 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтаптар чыга баштады.

Венесуэла жана Гватемалада да алгычкы бейтаптар аныкталып, Венесуэла чегиндеги капкасын жапкан Колумбияда вирус жугузган киши саны 16ге жетти.

Бейтап саны 23кө жеткен Экватордо коронавирустан бир киши каза тапты.

5 киши каза болгон, вирус жуккан киши саны 64кө жеткен Филиппиндерде болсо мамлекет башчысы Родриго Дутерте менен Бразилиянын мамлекет башчысы Жейр Болсонарого жасалган тесттер негатив чыкты.

Порто Рикодо мектептер 2 жумага жабылат.



Тектеш кабарлар