Чыгышта жайылган коронавирус, Кытай АКШны күнөөлөдү

Кытайда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 3179га жетти.

1377653
Чыгышта жайылган коронавирус, Кытай АКШны күнөөлөдү

Кытайда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 3179га жетти.

Өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 7 киши каза болуп, 8 жаңы бейтап аныкталды.

Ошол эле учурда Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Цао Личэнь АКШ армиясын  Ковид – 19 вирусу чыккан Ухань шаарына кирүү менен күнөөлөп : «АКШ бизге билдирүү бериши керек»,- деди. Катчы Цао Личэнь твиттерден АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун директору Роберт Редфилддин көрүнүштөрү орун алган бир видеону жарыялап, Редфилддин андан мурда грипптен каза болгон кээ бир АКШ жарандарынан Ковид  - 19дун аныкталгандыгын айтты.

Цао Личэнь Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун бул билдирүү менен кармалгандыгын белгилеп алгачкы бейтаптын АКШда качан ортого чыккандыгын, эпидемиянын канча кишиге жуккандыгын жана кайсы ооруканалардын колдонулгандыгын сурады.

Катчы Цао : «Ковид  - 19ду Уханга алып келген АКШ армиясы болушу мүмкүн. Так жооп бергиле. Маалыматтарды элге жарыялайлы. АКШ бизге маалымат бериши керек»,- деди.

Иранда 85 кишинин дагы каза болушу менен коронавирустан каза болгон жалпы киши саны 514кө жетти. 

Иранда тышкы иштер министри Жевад Зариф өлкөдө ушул кезге чейин 429 кишинин каза болушуна жол ачкан коронавирус менен күрөшүү үчүн медициналык матераилдарга, аныктоо техникаларына чукул түрдө муктаждыктын бар экендигин билдирди.

Жевад Зариф коронавирус менен күрөшүү үчүн саламаттык сактоо министрлигинин муктаждык тизмесин «чукул» деген темада твиттерден жарыялап, бардык өлкөлөрдү Иранга жардам берүүгө чакырды. Зариф : «Вирус айрымчылыкты тааныбайт.  Адам баласы да айрымчылык кылбашы керек»,- деп жазды.

 Вирус жугузган 10 000ден ашуун бейтаптын арасында диний лидер Али Хаманейдин кеңешчисинин да бар экендиги айтылууда.

Ошол эле учурда Американын "Washington Post" гезити  Ирандын Кум шаарында жаңы тип коронавирустан каза болгондор топ түрүндө көмүлгөн мазарлардын бар экендигин билдирген спутник көрүнүштөрүн жарыялады. Кабарда Ирандын «чыныгы сандарды жашыргандыгы» да орун алды.

Ирак саламаттык сактоо министрлиги, Ирак күрт аймактык башкаруусу да жалпы Иракта каза болгондордун саны 8ге жеткендигин, бейтап саны 83кө жогорулагандыгын, 24 кишинин болсо айыгып ооруканадан чыккандыгын билдирди.

Кувейт саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жаңы тип коронавирус жугузган киши саны 80ге жеткендигин жарыялады.

Сауд Арабияда болсо бейтап саны 62 чыкты. Вирустан дарыланган кишилерден бирөөсүнүн айыккандыгы белгиленди.

 Ушул кезге чейин вирустан 3 киши каза болгон Ливанда бейтап саны 73кө жеткендиги билдирилди.

Индонезиянын мамлекет башчысы Жоко Видодо өлкөдө коронавирустан экинчи кишинин каза болгондугун билдирди. 

Казакстан да вирус жугузган кишинин бар экедигин жарыяласа, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 3 кишиде коронавирустун аныкталгандыгын жана бейтап саны 5ке жеткенин билдирди. 

Африка өлкөсү Габондо да биринчи жолу коронавирус жугузган кишинин чыккандыгы билдирилди. Габон менен бирге Кения, Кот-д'Ивуар, Гана, Конго демократиялык республикасы, Буркина Фасо, Египет, Алжир, Нигерия, Сенегал, Камерун, Тунис, Түштүк Африка жана Мароккодо да коронавирус бейтабы аныкталды.

Африка материгиндеги  коронавирус жугузган бейтап саны 135ке жетип анын ичинен  3 киши каза болду.



Тектеш кабарлар