Керкүктө ДЕАШтын 22 террористти жок кылыны

Ирактын мурунку премьер  - министри Хайдар ел  -  Абади 2017 – жылы 9 -  декабрда ДЕАШка каршы жеңишке жетишкендигин жарыялаган.

1377170
Керкүктө ДЕАШтын 22 террористти жок кылыны

Ирактын Керкүк шаарында жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШ террордук уюмдун 22 мүчөсү жок кылынды. Керкүк операциялар командири, генерал  - лейтенант Саад Харбийе операциялардын өзгөчө шаардын элет жана дөңсөө жерлеринде жүргүзүлгөндүгүн, тинтүүлөрдө ДЕАШтын 46 мүчөсүнүн кармалгандыгын айтты. Харбийе бул операциялардын ийгиликтүү болушунда аймак калкынын жардамынын таасирдүү болгондугун жана шаардын коопсуздугу менен ырааттуулугун буза турган эч кимге уруксат  беришпей тургандыгын айтты.

ДЕАШ 2014 – жылы июнь айында Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарын толугу менен Дияла жана Керкүктүн бир бөлүгүн колго алып, бул аймактар көптөгөн жылдардын ичинде уюмдан кайра алынгын.

Ирактын мурунку премьер  - министри Хайдар ел  -  Абади 2017 – жылы 9 -  декабрда ДЕАШка каршы жеңишке жетишкендигин жарыялаган.

ДЕАШтын аймактан чыгарылышы жана жерлеринин кайра алынышынан бери 3 жыл өткөнүнө карабастан уюмдун өзгөчө Керкүк, Дияла, Мусул, Салахаддин жана Энбардын элет аймактарында кол салуулары улантылууда.



Тектеш кабарлар