Индонезияда сары безгек бейтаптарынын саны 17820га жогорулады

Индонезияда сары безгектен 2016 -  жылы 1598, 2017 -  жылы 493, 2018 -  жылы 344, 2019 -  жылы да 917 киши каза болгон.

1376997
Индонезияда   сары безгек бейтаптарынын саны 17820га жогорулады

Индонезияда 104 киши каза болгон сары безгек бейтаптарына бир жуманын ичинде 3104 кишинин кошулушу менен бейтап саны 17820га жогорулады.

Саламаттык сактоо министрлигинин зооноздук оорулар мекемесинин директору Сити Надя Тармизи өлкөдө жылдын башынан бери 17820 сары безгек бейтабынын чыккандыгын, ошол эле мезгилде каза болгондордун санынын 104кө жогорулагандыгын билдирди.

Батыш, Чыгыш жана Ортоңку Жава менен бирге Ламрунг аймактарында каза болгондордун көбөйгөндүгүн айткан Тармизи Чыгыш Нуса Тенггаранын 32 киши менен эң көп киши каза болгон аймак экендигин айтты.

Өлкөдө октябрь  - апрель айларында чиркейлер эң көп чыккан  жамгырлуу мезгилде сары безгек жана ысытма менен ооруган бейтаптар көп кездешет.

Индонезияда сары безгектен 2016 -  жылы 1598, 2017 -  жылы 493, 2018 -  жылы 344, 2019 -  жылы да 917 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар