Грек аскерлери газ бомбаларынын таасирин күчөтүү үчүн желдеткич иштетүүдө

Түркиянын чека ара капкаларын ачышы менен качкындар Европага баруу үчүн Эдирненин Греция чегинде 14 күндөн бери күтүп жатышат.

1377028
Грек аскерлери  газ бомбаларынын таасирин күчөтүү үчүн желдеткич иштетүүдө

 Грециянын чек ара күчтөрү ыргыткан газ бомбаларынын дагы таасирдүү болушу үчүн ачык аянтта желдеткич иштете баштады.

Түркиянын чека ара капкаларын ачышы менен качкындар Европага баруу үчүн Эдирненин Греция чегинде 14 күндөн бери күтүп жатышат.

Грециянын чек ара бөлүктөрү өтүүлөргө тоскоол болуу үчүн кээ кээде качкындарга калемпир жана басымдуу суу менен бирге өлүм жана жараланууларга себеп болгон пластикалык, чыныгы окторду колдонууда.

Грециянын артка карай түртүүсүнө тоскоол болуу максатында милдеттендирилген түрк атайын кыймыл полициясынын чек арадагы күзөтү кургактык жана дарыядан жүргүзүлүүдө.

Грециянын эл аралык келишимдерге каршы өлкөсүнө барган качкындарды каттоо астына алуунун ордуна кол салып, кийимдерин алып Түркияга жиберилиши тууралуу көрүнүштөр көптөгөн жолу көрсөтүлгөн.

Бир тараптан Европа Биримдиги Грецияны баш калкалоо мыйзамына баш ийүүгө чакырды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын ички иштерден жооптуу мүчөсү Илва Йоханссон Грецияда чек арадан өтүүнү каалаган качкындардын эл аралык мыйзамга туура келбеген жашыруун жерлерде кармалууда деген негиздерди карап чыкты.

Бул маселени Греция сапарында жетекчилер менен сүйлөшөрүн белгилеген Йоханссон Европа Биримдиги чек араларындагы кишилердин баш калкалоо укугунун бар экендигин, мунун эл аралык мыйзамдын бир бөлүгү экендигин жана жоюлбай тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар