Греция качкындарга бөгөт болуу үчүн чек арага окоп казууда
Качкындар Европага баруу үчүн чек арада 12 күндөн бери күтүп турушат.
Грециянын чек ара бөлүктөрү, Европага барууну каалаган качкындарга бөгөт болуу үчүн чек арага окоп казууда.
Качкындар Европага баруу үчүн Эдирненин Греция менен чектеш чек арасында 12 күндөн бери күтүп турушат.
Грециянын чек ара бөлүктөрү, өтүүлөргө бөгөт болуу үчүн кээде качкындарга көздөн жаш агызуучу газ, суу менен бирге желим жана чыныгы окторду колдонушууда.
Бийиктетилген зым тосмолордун ары жагына жайгаштырылган кум салынган баштыктардын артына окоп казууну уланткан Греция, бул жерде күтүп турган мылтыкчан аскерлер менен чек ара өтүүлөрүнө бөгөт болууга аракет кылууда.
Грек аскерлери айрыкча качкындар өтүп жаткан Мерич дарыясынын жээгинин айрым жерлерине зым тосмо тарта баштады.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.