Пакистанда террорго каршы операция жүргүзүлдү

Операцияда бир полковник каза болуп, эки террорист жок кылынды.

1375008
Пакистанда террорго каршы операция жүргүзүлдү

Пакистандын түндүк батышыда Пакистан Талибанына карата операцияда бир полковник каза болуп, эки террорист жок кылынды.

Пакистан армиясынан берилген маалыматта өлкөнүн түндүк батышындагы Танк аймагында террор меен күрөшүү операциясы жүргүзүлгөндүгү билдирилди. Маалыматта террористтердин аймактык коопсуздук чамбарына алган аскерлерге ок аткандыгы белгиленди.

Бир полковник каза болгон операцияда эки террористтин жок кылынгандыгы билдирилип, баш калкалоочу жерлерге жашырылган көп сандаган курал жана ок  - дарынын колго түшүрүлгөндүгү да маалымдалды.

Пакистан Талибанына карата жүргүзүлгөн операцияларда 2014 – жылдан бери 5000ден ашуун террорист жок кылынып, абадан кол салуу, кагылышуу жана кургактык жолдорунда миналардын жарылышы менен 700 аскер каза болду.



Тектеш кабарлар