Грек аскерлери чек арага келген баш калкалоочуларга газ чачты...

Грециянын чек ара күчтөрү улам-улам газ чачып баш калкалоочуларды чек ара сызыгынан кубалаганга аракет кылып жатат.

1374037
Грек аскерлери чек арага келген баш калкалоочуларга газ чачты...

Грециянын аскердик бөлүктөрү чек арадан өтүүгө аракет кылган баш калкалоочуларга көздү ачыштыруучу жана жаш агызуучу газ чачты.

Европага өтүш үчүн Эдирнеде чек арада күткөн баш калкалоочулар, Грециянын чек арадагы аскердик бөлүктөрүнүн көздү ачыштыруучу жана жаш агызуучу газ чачып каршылык көрсөтүүсүнүн себебинен кыйын абалда калышты. Баш калкалоочулардын айрымдары газдын таасиринен эсин жоготуп жыгылды.Деми кысылган балдар, энелеринин айкырыгынын коштоосунда талаадагы медициналык чатырга жеткирилди.

Талаадагы медициналык чатырга да толгон газдын себебинен кызматкерлер да кыйынчылык тартып жатышты. Ага карабай көп сандаган качкынды дарылашты.

Грециянын чек ара күчтөрү улам-улам газ чачып баш калкалоочуларды чек ара сызыгынан кубалаганга аракет кылып жатат.

 



Тектеш кабарлар