Кытайда коронавирустан каза тапкан киши саны 3 миң 72ге жогорулады

Өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде 28 киши каза болуп, 99 жаңы бейтап аныкталды.

1373778
Кытайда коронавирустан каза тапкан киши саны 3 миң 72ге жогорулады

Кытайда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 3миң 72ге жогорулады.

Өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде 28 киши каза болуп, 99 жаңы бейтап аныкталды.

Өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 3 миң 72ге жетип, алардын ичинен экөөсү Гонконг атайын башкаруу аймагынан чыккан. Ковид – 19 вирусун жугузган киши саны 80 миң 651ге жетип, алардын ичинен 5489 кишинин абалынын оор экендиги билдирилди. Вирус жуккандыгынан шектенилген киши саны 502 деп белгиленип, ушул күнгө чейин ооруканадан чыккан киши саны да 55404кө жетти.

Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында  12 -  декабрда чыккан Ковид – 19 вирусунан улам Түркия жана башка бир топ өлкө Кытайдын бул шаарында калган жарандарын эвакуациялаган.

Жаңы тип коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылышы менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму «өзгөчө абал» жарыялаган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар