Сирия калкы Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Жаз калканы" операциясын колдогонун билдирди

Жергиликтүү Мажлис имаратында чогулган көп сандаган жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана даанышман адамдары «Жаз калканы» операциясында кызмат өтөгөн Түрк аскерлери үчүн дуба кылышты.

1372644
Сирия калкы Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Жаз калканы" операциясын колдогонун билдирди

Сирияда Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Жераблустун даанышман адамдары «Жаз калканы» операциясына колдоо көрсөттү.

Жергиликтүү Мажлис имаратында чогулган көп сандаган жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана даанышман адамдары «Жаз калканы» операциясында кызмат өтөгөн Түрк аскерлери үчүн дуба кылышты.

Андан соң бул топтун атынан билдирүү жарыялаган Жераблустун Жергиликтүү Мажлисинин төрагасы Абит Халил, Орусия, Иран жана Асад режиминин кол салууларынын себебинен Идлиб жана Халебде 4 миллиондон ашык сириялыктардын тукум курут болууга бет келгенин айтты.

Бул зулумдукка каршы бүткүл дүйнөнүн үнүн бийик чыгарышы керек болуп турганда, зулумдукка бир гана Түрк улутунун каршы чыкканын түшүндүргөн Халил: «Сирия калкы, бир аймактын жана бир тарыхтын баласы болгон Түркия Республикасын тукум курут кылууга каршы турушу жана бизди коргоосу үчүн Сирияга чакырды...Түркия Республикасынын миллиондогон жаранды тукум куруттан куткарууга карай баштаган «Жаз калканы» операциясына абдан маани беребиз жана операциянын улантылышын каалайбыз. Араб мамлекеттери, Бириккен Улуттар Уюму, БУУнун Коопсуздук кеңеши, Европа Биримдиги жана дүйнөдөгү бардык адам укуктары уюмдарын, Сирия калкынын Асад зулумдугунан куткарылышы үчүн Түрк аскердик операцияларын колдоого чакырабыз. «Жаз калканы» операциясынын көп жылдарга созулган кайгылуу күндөрдүн соңуна чыгышы, өлкөбүзгө жазды алып келиши жана Сирияда жаңы башталгычка себеп болушу үчүн кудайдан тилеп жатабыз. Улуу Түрк армиясынын жана Сирия төңкөрүшүнүн шейиттеринин жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар