НАТОнун башкы катчысы Асад өкмөтү менен Орусияны кол салууларды токтотууга чакырды

Столтенберг акыркы күндөрдө Грециянын да оор жүктүн астына киргендигин белгиледи.

1372486
НАТОнун башкы катчысы Асад өкмөтү менен Орусияны кол салууларды токтотууга чакырды

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Асад өкмөтү менен Орусияны Сириядагы кол салууларын эртерээк токтотууга чакырды.

Хорватиянын борбор шаары Загребде жолугушууларды өткөргөн Столтенберг  премьер  - министр Андрей Пленкович менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Сириядагы абалды «баш  - аламан» деп мүнөздөгөн Столтенберг : «Сириядагы маселеге саясий чечүүчү жол табылышы керек. Асад өкмөтү жана Орусия Сириядагы кол салууларын эртерээк токтотушу керек, эл аралык мыйзамдын эрежелерине сый көрсөтүп жана БУУнун тынчтыкчыл чечүүчү жол табуусун колдоо керек»,- деди.

Столтенберг акыркы күндөрдө Грециянын да оор жүктүн астына киргендигин белгиледи. Сүйлөшүүдө Пленкович да  глобалдык качкындар кризисин карап чыгышкандарын билдирип мыйзамсыз миграциянын жолун тосуу тууралуу мамилеминин так жана катуу экендигин баса белгиледи.

2015 – 2016 -  жылдарда болгон качкындар кризисинен улам Хорватиянын тажрыйбалуу экендигин баса белгилеген Пленкович : «Европа Биримдиги жана НАТОнун кызматташуусунда жаңы качкындар агымына тоскоол болууга аракет кылабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар