Афганстанда Талибан менен кагылышуу болду
кагылышууда 6 полиция каза тапты.
1372562
Афганстандын Урузган аймагында Талибан террористтери менен чыккан кагылышууда 6 полиция каза тапты.
Урузган губернаторлугунун катчысы Зилгей Ибади террористтердин Нейчен аймагындагы полиция пунктуна карата кол салуусунан кийин кагылышуунун чыккандыгын белгиледи.
Кагылышууда 6 полициянын каза болгонун белгилеген Ибади 7 полициянын да жаралангандыгын айтты. Ибади кагылышууда өзгөчө Талибандын да жоготууга учурагандыгын баса белгиледи.