Зариф менен Лавров сүйлөштү

Эки министр телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1371970
Зариф менен Лавров сүйлөштү

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф орус кесиптеши Сергей Лавров менен Сириянын Идлиб аймагындагы кырдаалды сүйлөштү.

«Фарс» кабар агенттигине караганда Зариф Лавров менен телефон аркылуу Сириядагы акыркы абал жана Идлибге байланыштуу кырдаал боюнча пикир алмашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды да сүйлөшкөн министрлер, жаңы типтеги коронавируска каршы күрөшүү темасын да карап чыгышты. 



Тектеш кабарлар