Кытайдагы кырдаал
Кытайда вирустан каза тапкандардын саны 2 миң 983 кишиге жетти.
1371441
Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынан каза тапкандардын саны 2 миң 983 кишиге жетти.
Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде 38 киши көз жумуп, вирусту жуктурган дагы 119 бейтап катталды.
Ушундайча өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миң 983кө, айыккандардын саны болсо 49 миң 856 кишиге жетти.
Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Өзгөчө абал» жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.