Коронавирус Батыш өлкөлөрүн тооруп алды

Европада коронавирус эң катуу таасир тийгизген өлкө болгон Италияда 79 киши каза таап, оору жуккандардын саны 2502ге жеткени жарыяланды.

1372073
Коронавирус Батыш өлкөлөрүн тооруп алды

Италияда дагы 27 кишинин каза болушу менен бирге Ковид-19 эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 79га жетти.

Европада коронавирус эң катуу таасир тийгизген өлкө болгон Италияда оору жуккандардын саны 2502ге жеткени жарыяланды.

Өлкөдө университеттер менен катар бардык билим берүү мекемелери убактылуу жабылды.

АКШнын Вашингтон штатында жаңы тип коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны 9га,Францияда болсо 4кө  жетти.

Коронавирус жуктурган кишилердин саны 161ге жеткен Испаниядан алгачкы өлүм кабары келди.

Коронавирус жуктуруп алган 51 киши аныкталган Англияда өкмөт иш-чара планын жарыялады.

Алдыңкы планынын вирустун токтотулушу болгонун белгилеген иш-чара планында, эпидемия жайылган учурунда ооруканаларда шашылыш болбогон дарылоолордун кийинкиге жылдырыла турганы, пенсиядагы медайым жана доктурлардын жардам үчүн кызматка чакырыла ал турганы, мектептердин жабылышынын, кеңири таасирлеринин азайтылышынын жана кызматкерлердин үйлөрдөн иштөөсүнүн дагы карала турганы белгиленди.

Польша,Чили жана Аргентинада болсо жаңы тип коронавирусту жуктурган алгачкы киши белгиленди.

Аргентинанын саламаттык сактоо министри Джинес Гонсалес Гарсия, 1-мартта Италиядан кайткан 43 жаштагы бир Аргентина жаранында вирус кездешилгенин айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин мекемеси болгон Европа Коргонуу агенттигинде (EDA) жаңы тип коронавирусту жуктурган алгачкы киши белгиленди.

EDAнын жазуу түрүндөгү жарыясында кызматкерлерден бир кишиде Ковид-19 белгиленгени, бейтаптын ишемби кечтен бери үйүндө карантинге алынганы жарыяланды.

НАТО жана ЕБнин мекемелерине кожоюндук кылган Бельгияда Ковид-19 жуктуруп алган бейтаптардын саны 25ке жетти.

Буга кошумча Дүйнөлүк Банк тобу Ковид-эпидемиясынын медициналык жана экономикалык тасирлери менен күрөшкөн өлкөлөргө жардам берүү максаты менен 12 миллиард доллардай башталгыч пакетин процесске киргизе турганын жарыялады.

Ошондой эле бир киши коронавирустан каза тапкан Австралияда болсо (Ковид-19) аныкталган киши саны 41ге жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар