АКШнын Теннесси аймагында болгон куюнда 25 киши каза болду

АКШнын президенти Дональд Трамп аймакка жардам берилерин айтты.

1371514
АКШнын Теннесси аймагында болгон куюнда 25 киши каза болду

АКШнын Теннесси аймагында болгон куюндан улам каза болгондордун саны 25ке жетип бир топ киши да жоголду.

Теннесси аймагынын Нэшвилл  шаарында катуу болгон куюн 140тан ашуун имараттын кулашына себеп болду жана бир топ киши имараттардын жер төлөсүндө калды. Теннеси губернатору Билл Ли менен телефондо сүйлөшкөн АКШнын президенти Дональд Трамп аймакка жардам берилерин айтты. Трамп жума күнү апаат аймагына барып көрөрүн белгиледи.

Аймакта чукул абал жарыялаган губернатор издөө – куткаруу иштерине жардам берүү жана коопсуздуктун түзүлүшү үчүн Улуттук Гвардияны аймакка жиберди.

Нэшвилл шаарынын  аймактарында да катуу болгон куюнда жүздөгөн үйдүн чатыры учуп, дубалдары кулады.  Шаарда коомдук транспорт бир канча убакытка токтоп жакын аймактагы аэропорттор да каттамдарга жабылды.

Жергиликтүү жетекчилер берген маалыматтарга караганда аймакта 44 миң киши электр үзгүлтүгүнөн таасирленди.



Тектеш кабарлар