Хорст Зеехофер коронавирустан улам Меркель менен кол алышып көрүшкөн жок

Ички иштер министри Хорст Зеехофер коронавирустан улам өткөн жумадан бери эч ким менен кол алышып көрүшпөө чечимин чыгарган.

1370347
Хорст Зеехофер коронавирустан улам Меркель менен кол алышып көрүшкөн жок

 Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер жаңы тип коронавирустан улам канцлер Ангела Меркелдин узаткан колун алган жок.

Премьер  - министрликте өткөрүлгөн шайкештик саммитинде залга кирген Меркель эч кимге колун узатпастан ордуна өттү. Бирок отурган жеринде жанындагы ички иштер министри Хорст Зеехоферди көргөн Меркель колун узатты.

Хорст Зеехофер болсо «Жок, жок» деп Меркелдин узаткан колун алган жок. Меркел да күлүмсүрөп : «Түшүнөм»,- деп орундугуна отурду.

Меркелдин жанындагы шайкештик министри Аннетте Видманн  - Мауз болсо кол алышып көрүшүүнүн ордуна эки колун көкүрөгүнө коюп Хорст Зеехоферге салам берип ордуна отурду.

Ички иштер министри Хорст Зеехофер коронавирустан улам өткөн жумадан бери эч ким менен кол алышып көрүшпөө чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар