Р. Т. Эрдоган - Дональд Трамп сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен бирге Сириянын Идлиб аймагында болгон акыркы абалдар жана аймактык маселелер каралды.

1368920
Р. Т. Эрдоган  - Дональд Трамп сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен бирге Сириянын Идлиб аймагында болгон акыркы абалдар жана аймактык маселелер каралды.

Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Идлибде Сочи меморандуму менен белгиленген  аянтты режим аскерлеринен тазалоо чечкиндүүлүгүн тактады.

Эрдоган менен Трамп Идлибде болгон адамзаттык трагедиянын алдын тосуу үчүн убакытты өткөрбөстөн кошумча кадам таштоо жагдайында  макулдашты.

Бир тараптан Ак үйдүн катчысынын орун басары Жадд Дир Трамп  - Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта  Трамптын мурунку күнү Идлибде шейит болгон түрк аскерлери үчүн Эрдоганга көңүл айткандыгы жана бул кол салууну айыптагандыгы баса белгиленип : «Президент Трамп Түркиянын Сириянын түндүк батышындагы кагылышууларды азайтуу жана адамзаттык апааттын алдын тосуу аракеттерине карата колдоосун кайталады.  Эки лидер дагы көп күнөөсүз киши өлтүрүлбөстөн жана жерлеринен чыкпастан оболу Сирия жана Иран режими менен Орусиянын кол салууларынын токтошу керектиги боюнча макулдашты»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар