В. Путин Коопсуздук Кеңешин чукул түрдө чогултту

Жыйында Идлибдеги абалдын каралгандыгын баса белгилеген Песков : «Идлибдеги абалдын начарлашы тууралуу тынчсыздануу билдирилди»,- деди.

1368818
В. Путин  Коопсуздук Кеңешин чукул түрдө чогултту

Орусиянын президенти В. Путин тарабынан чукул чогулган Коопсуздук Кеңешинде Сириянын Идлиб аймагындагы абал каралды. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматта Орусиянын президенти В. Путиндин Коопсуздук Кеңешин чукул чогулткандыгын билдирди. Жыйында Идлибдеги абалдын каралгандыгын баса белгилеген Песков : «Идлибдеги абалдын начарлашы тууралуу тынчсыздануу билдирилди»,- деди.

Асад режими аскерлеринин кечээ Идлибде түрк куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине каршы кол салууда 33 аскер шейит болду.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Путин эрте мененки сааттарда өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Идлибдеги абал каралды.



Тектеш кабарлар