Орусия Италия, Түштүк Корея жана Иран саякаттары тууралуу эскертти

Ковид – 19 эпидемиясынан улам Орусия жарандарына Италия, Түштүк Корея жана Иранга саякатка барбоолорy сунуш кылынды.

1366840
Орусия  Италия, Түштүк Корея жана Иран саякаттары тууралуу эскертти

Орусиянын саламаттык сактоо жана керектөөчү  мыйзамдарын коргоо кызматы Роспотребнадзор жаңы тип коронавирус Ковид – 19 эпидемиясынан улам Орусия жарандарына Италия, Түштүк Корея жана Иранга саякатка барбоолору сунуш кылынды.

Роспотребнадзордон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Италия, Түштүк Корея жана Ирандагы коронавирус оорулуу санында маанилүү бир өсүүнүн болгондугу  белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан бул өлкөлөрдө коронавирустун жугушуна байланыштуу эскертүүлөрдүн берилгендиги баса белгиленген маалыматта : «Роспотребнадзор бул эскертүүлөрдүн натыйжасында коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык  абал  ырааттуулукка жеткенге чейин бул өлкөлөргө саякатка барылбашын сунуш кылууда»,- деп билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан берилген маалыматта Түштүк Кореяда аныкталган 977 коронавирус оорулуудан 11 киши, Иранда 95 оорулуудан 15 киши, Италияда болсо 283 оорулуудан 7 кишинин каза болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар