Кызыл Крест Идлиб тууралуу эскертти

Рут Хетерингтон эл аралык коомдун да Идлибдеги жарандар беттешкен трагедиядан санааркагандыгын баса белгилеп : «Бул Сириядагы жарандык согушта болгон эң жаман орун которуу толкуну»,- деди.

1366502
Кызыл Крест Идлиб тууралуу эскертти

Эл аралык Кызыл Крест Комитети Сирия режими жана колдоочулары кол салууларын улантып жаткан Идлибде жүз миңдеген жарандын коопсуздук жана турмуштук шарттарынын коркунуч астында болушунан санааркагандыгын билдирди.

Борбору Женева болгон комитеттин катчысы Рут Хетерингтон БУУнун Женева офисинде өткөргөн пресс  - жыйынында : «Идлибдин катуу кыш шарттарында адамдардын капканга түшкөндүгүн, бардык нерседен четтетилгендигин жана бардык үмүтүнүн жок болгондугун көрүп турабыз. Бул эч кабыл алынгыс»,- деди.

Рут Хетерингтон эл аралык коомдун да Идлибдеги жарандар беттешкен трагедиядан санааркагандыгын баса белгилеп : «Бул Сириядагы жарандык согушта болгон эң жаман орун которуу толкуну»,- деди.

Идлиб аймагындагы жарандар үчүн керектүү медициналык каражаттардын жетишсиз экендигин белгилеген Рут Хетерингтон бул абалдын көптөгөн жарандын өмүрүнө  зыянын тийгизгендиги боюнча эскертти.

Рут Хетерингтон : «Медициналык тейлөөнүн азайышы, начар турмуштук шарттар жана орун которууда болгон кыйынчылыктар Идлибдеги кагылышуулардын жыйынтыктарынын арасында орун алууда»,- деди.

Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Жакынкы Чыгыш директору Фабризио Карбони болсо берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Тийиштүү тараптарды, текшерүүгө алынган аянттарда жарандардын коопсуз жерлерге барышына уруксат берүүгө чакырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар