Хасан Рухани коронавирус тууралуу билдирүү жарыялады

Ирандын президенти Хасан Рухани жаңы тип коронавирус  Ковид – 19 тууралуу коркунучтун жайылышын «дшумандын тузагы» деп мүнөздөдү.

1366583
Хасан Рухани коронавирус тууралуу билдирүү жарыялады

Ирандын президенти Хасан Рухани жаңы тип коронавирус  Ковид – 19 тууралуу коркунучтун жайылышын «дшумандын тузагы» деп мүнөздөдү.

Рухани борбор шаар Тегерандагы Улуттук коронавирусту алдына алуу борборунун жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө вируска каршы көрүлгөн чараларга байланыштуу маалыматтарды берди.

Биринчи күндөрдө ооруканаларга кайрылгандардын санынын жогору экендигин бирок акыркы күндөрдө мунун төмөндөгөндүгүн жана дарылангандардын катнашында өсүү болгондугун айткан Рухани : «Бардык мекемелер абдан сак болушу керек. Коомдо коркуунун жайылышы жана өлкөнүн эс алууга чыгарылышы, душмандын планы жана тузагы. Баарыбыз ишибизди аткарышыбыз керек»,- деди. 

Рухани өзгөчө ишемби күндөн баштап бардык нерсенин калыбына келишин жактады.

Иран саламаттык сактоо министрлиги Ковид  - 19дан улам каза болгондордун санынын 15ке, жугузган киши санынын 95ке жеткендигин жарыялаган.



Тектеш кабарлар