Йеменге курал эмбаргосу дагы бир жылга узартылды

Вето укугуна ээ Орусия менен Кытай «калыс» добушун берди.

1366547
Йеменге курал эмбаргосу дагы бир жылга узартылды

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Йеменге карата курал эмбаргосун дагы бир жылга узартуу чечими чыгарылды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн Англия тарабынан сунушталган жана Йеменге курал эмбаргосунун узартылышын талып кылган мыйзам долбоору, вето укугуна ээ Орусия менен Кытайдын «калыс» добушун бергени боюнча кабыл алынды.

Орусиянын вето коркутуусунан улам токтомдо Йемендеги хусилерге курал жардамын бергендиги менен күнөөлөнгөн Иранга шилтеме көрсөтүлгөн жок.

Йеменде курал эмбаргосу, 15 мүчөлүү кеңеште 13 «макул» добушу менен 2021-жылдын февралына чейин узартылды.



Тектеш кабарлар