Лавров:«Идлиб темасында жаңы бир катар сүйлөшүүлөр үчүн даярдык жасалууда»

Лавров, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражиддин Мухриддин менен Москвада жолуккандан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында сүйлөшүүлөрдү өткөрүш үчүн даярдык жасалганын айтты.

1365547
Лавров:«Идлиб темасында жаңы бир катар сүйлөшүүлөр үчүн даярдык жасалууда»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркия жана Орусиянын ортосунда Идлиб маселеси тууралуу жаңы бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн даярдык жасалганын айтты.

Лавров, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражиддин Мухриддин менен Москвада жолуккандан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында сүйлөшүүлөрдү өткөрүш үчүн даярдык жасалганын айтты.

Түрк жана орус делегацияларынын Идлиб тууралуу Анкара жана Москвада мындан мурда жолугушууларды өткөргөнүн эске салган Лавров: «Учурда Идлиб темасында жаңы бир катар сүйлөшүүлөр үчүн даярдык жасалууда. Бул сүйлөшүүлөрдүн бизди Идлибдин чындап эле чыңалууну азайтуу аймагы болуу максатына жеткире турганын ойлоодобуз»,-деди.

АКШнын Нусра фронту жана Хейет Тахрир Шам менен диалог курууга даяр болгондору жөнүндө билдирүүлөрдү жасаганына көңүл бурган Лавров: «Мындай билдирүүлөрдү алгач ирет уккан жерибиз жок жана кабыл алынгыс деп билебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар